Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Кийинки жумада паспорт жасоочу жабдык алынып келинет


БИШКЕК. Кийинки жуманын башында Кыргызстанга Түштүк Кореядан паспорт жана башка документтерди жасоочу жабдуунун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу 14-октябрда маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты. Ал жабдуу айына 300 миң даана паспорт чыгарууга жөндөмдүү. Эгерде баары пландагыдай болсо жаңы жабдуулар менен ноябрь айында ID карталар, жаңы жылдан баштап паспорт басыла баштамакчы. Учурда жаңы паспорттун эскиздерин тартуу боюнча комиссия иштеп жатат жана ага Кыргызстандын гербинин авторлору да тартылган. Маалыматка караганда, ID карталардын баасы 60 сомдун тегерегинде, ал эми паспорттун баасы 500 сомдон ашуун болоору белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG