Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Өзбекстан Карасуудагы чек ара бекетин жаап, кайра ачты


ОШ. 14-октябрь күнү эртең мененки саат бештен тогузга чейин Өзбекстан Кыргызстандын Карасуу району менен чектешкен Шаркансай участкасындагы чегараны бир тараптуу негизде жапты. Кыргыз чегарачылары расмий өзбек бийликтери чегараны жабылышынын себептери тууралуу алдын ала айтылбагандыгын белгилешти. Төрт сааттан соң чегаранын ары жагында Кыргызстандын чегарасына өтүүнү каалаган үч миңге жакын өзбек атуулдары топтолушуп, бекетти ачууну талап кылышып, кыйкыра башташты. Бир сааттай убакыт өткөн соң өз атуулдарынын талабы менен өзбек чегарачылары бекетти ачышты. Чегараны бир тараптуу жаба коюу адаты өзбек чегарачылары тарабынан бир канча убакыттан соң кайрадан кайталанып, кайрадан ачылды. Ош чегара отрядынын командири Баатыр Абдыкапаров өзбек чегарачылары чегараны жабууга Кыргызстандын Ош жана Жалалабат облустарында катталып жаткан күйдүргү оорусунун таралып жатышы менен байланыштырып жатышкандыгын билдирди. Учурда Шаркансай участкасындагы кыргыз-өзбек чегарасы ачык турат, бирок өзбек бийликтери бажы көзөмөлүн күчөтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG