Бул окуя 1999-жылы декабрь айында болгон. Ошол кездеги президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов айтып бергенге караганда, аны Аскар Акаев чакырып, Баткен коогалаңына байланыштуу тез арада чоң акча табуу керектигин айткан. Бирок ошол кезде Медет Садыркулов бул кызматтан түшүп, Эсеп палатасына которулуп аткан кези экен.
Ошентип өкмөт үйүнүн 7-кабатындагы бир топ чиновниктер ызы чуу түшүп эле акча издеп калышат. Акыры каржы министрлигинин алдындагы борбордук казыначылыктын эсебиндеги акчадан алууга токтолушкан. Улуттук банк которуу жолу менен 19 миллион 188 миң сомду долларга айландырып берип, анан кечинде Акүйгө алып жөнөшөт. Ошол мүнөттөрдө ушул окуянын айынан качандыр бир кезде сурак берип калаарын эч кимиси ойлобосо керек.
Азимбек Бекназаров башкы прокурор кезинде Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго, Медет Садыркуловго жана Борбордук казыначылыктын бир нече кызматкерине кылмыш иши козголгон. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго жооптуу кызматта иштеп жатып, кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке көлөмдүү суммада чыгым келтирген, чоң каражтты уурдоого катышкан деген айыптар тагылып, үй камакка алынган. Улан Сарбанов өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Каржы министрлигинен акчаны валютага айландырып берүү тууралуу уруксат кагаздар келгенин айтып, кимдир бирөө президентке акча берген болсо, мен ага катышкан эмесмин дейт. Улан Сарбанов «жападан жалгыз айыбым, жарым миллион сомго чукул акча көтөргөн адамды көчөгө таштай албай, машинем менен Акүйгө жеткирип койгонум» дейт.
Ал эми Медет Садыркулов бул кылмыш ишинде саясий бойок көбүрөөк дейт:
- Албетте, бул иште саясий бойок бар. Айрым саясий күчтөр бул кылмыш иштин болушуна кызыкдар. Башкы прокурор өзү да айтпадыбы, сот боло электе эрте жарыяланганы туура эмес болгондугун. Мен да ушуга кошулам. Эми жаңы дайындалган баш прокурор бул ишти акыйкат карайт го деген үмүт бар.
Медет Садыркуловдун айтымында, азыр иш сотко өтө элек. Башкы прокурор алмашкандан кийин бул кылмыш ишинде өзгөрүүлөр болуп жатат.
- Баш прокурор Бекназаров журналисттерге сотко өттү деп айтып жиберди эле. Иш сотко өткөн эмес, тергөө жүрүп атат. Башкы прокуратура азыр акыйкат чечимге келиш үчүн өзүнчө да комиссия түзсөкпү деп жатат.
Баш прокурор милдетин аткаруучу Бусурманкул Таабалдиев ушул аптада «Общественный рейтинг» гезитине берген маегинде Азимбек Бекназаровдун тушунда башкы прокуратада кылмыш иштер саясий түс ала баштаган деген пикирин билдирди. Ал биз сөз кылып жаткан 480 миң доллар тууралуу да тергөө бүтө электе, сот боло электе коомчулукка айтпаш керек болчу, деген оюн айткан. «Эң башкы айпыкер жана шектүү делген Аскар Акаев өзү сурала элек да», - дейт баш прокурор милдетин аткаруучу.
Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович болсо 480 миң долларды Аскар Акаев көргөн да эмес, алган да эмес деп билдирди. Анын айтымында, ал Улан Сарбановдун Улуттук банкка аны которуу жана валютага айландыруу тууралуу уруксат кагаздар келгени жөнүндө сөздөрүнө ишенет. «Бирок ал акча андан ары эмне болгонун билбейм», - дейт адвокат.
Бирок коомчулукта мындай кылмыш иштерди соңуна чыгарууга саясий эрк керек деген пикирлер айтылууда. Башкы прокуратуранын мурдагы маалымат катчысы Алмаз Дырылдаев мындай ою менен бөлүштү:
- Азыр биз Азимбек Бекназаров баш прокурор кезинде козголгон кылмыш иштер соңуна жетпей калат го деп чочулап турабыз. Айрым кылмыш иштерге тиешеси бар, кылмыш козголгон адамдарды кызматтан алуу жөнүндө сунуш жөнөткөнбүз президентке. Бирок тилекке каршы ага эч кандай жооп болгон жок. Тескерисинче, кайра министрлик кызмат берип атат. 24-марттагы ынкылапта коюлган максаттар ишке ашкан жок. Ошол эле Акаевдин тушунда иштеген адамдар Бакиевдин да тушунда иштеп атат.
Жарым миллион сомдун тегерегиндеги кылмыш иши эмне менен аяктаары белгисиз. Аскар Акаев болсо адвокаты аркылуу алаканын жайып коюп, Москвада отурат. Акыры башкы казыначылыктын эсебиндеги мамлекеттин каражаты баштыктарга салынып, Акүйгө жеткени дайын болду окшойт. Бирок эң башкы айыпкер деп шектелген Аскар Акаев сурак бермейин бул ишке чекит коюш кыйын болот өңдөнөт.