Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Түркияда куш ылаңын жуктурганы шектелген 9 киши ооруканага жаткырылды


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада канаттуулар вирусу табылганынан улам коңгуроо кагуу керек деп эсептейт. Бүгүн бул маселени европалык ветеринарлар шашылыш түрдө караштырышты. Түркиянын батыш тарабында куштар тумоосун жуктурган деген шек боюнча 9 киши ооруканага жаткырылды. Вирус Румынияда да катталган. Бул эки өлкөдө табылган H5N1 вирусу 2003-жылдан бери Азия өлкөлөрүндө 60тан ашуун кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG