Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Анжыяндагы окуяларга күбө болгон келин сотто аскерлер бейкүнөө элге ок ачканын баяндады


Ташкенде өтүп жаткан сотто Анжыяндагы окуялар боюнча күбө катары көрсөтмө берген Махбуба Зокирова 13-май күнү ал жерде аскерлер куралсыз элге ок жаадырганын айтып берди. “Тикучмалар бизди тегерете абдан ылдый учуп жатышты. Биз президент Каримов келет экен деп ишенип толкунданып алган элек. Анын ордуна аскерлер жыйылып турган элди көздөй ок ата баштады, мен арасында турган адамдар куралсыз эле, жаш балдар абдан көп болчу”, - деп баяндады сот алдында Анжыяндык күбөлөрдүн бири. Байкоочулар сот иши башталгандан бери күбөлөр арасынан аскерлер куралсыз элди атканын алгачкы болуп Махбуба айтып бергенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG