Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!


16-октябрдан 18-октябрга чейин Чүй, Талас, Ысыккөл жана Нарын аймактарында 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүктүн жүрүшү айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

16-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус жылуу. ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17. БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус. ЫСЫККӨЛ жана НАРЫН аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +11...+16 градус.

БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн +3...+5, күндүз +16...+18 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG