Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысынын орун басары Сабина Махил Таласта болду


ТАЛАС. Сабина Махил айым эки күндүк иш сапар учурунда облустук соттун, прокуратуранын жетекчилери менен жолугушуп, өрөөндөгү адам укуктарынын, мыйзамдуулуктун сакталыш абалына кызыкты. Облустук прокуратуранын жаңыланган жетекчилиги Акаевдик мезгилдеги олуттуу мыйзам бузууларга, адам укуктарын тебелеп-тепсөөгө жол берилген көптөгөн фактылардын бетин ачып, иш жүргүзүп жатышкандыгын айтышты. Алардын айрымдары сотко ашырылган. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда ачык жарандык коом курууда коомдук бирикмелердин, саясий партиялардын кадыр-баркы канчалык экени, коррупцияга, мыйзам бузууга каршы күрөшүүдө алардын ролун көтөрүү маселеси козголду. ЮНЕСКОнун медиа борборундагы жолугушууда өрөөндөгү көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү дээрлик ишке ашпай жаткандыгы айтылып, ЕККУдан бул маселени алга жылдырууга жардам суралды. ЕККУнун делегациясын облус губернаторунун орунбасары Байымбек Мураталиев кабыл алды.

XS
SM
MD
LG