Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Президент ички дүң продукцияны 8 пайызга жеткирүү милдетин койду


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев эмдиги жылы ички дүң продукциянын көлөмүн 8 пайызга жеткирүү максатын койду. Президенттин айтымында, Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүлгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөргө Кыргызстан кандай болсо да жетиши керек. Премьер-министр Феликс Куловдун пикиринде, бул өтө татаал, бирок кол жете турган көрсөткүч. Эл аралык валюта кору болсо Кыргызстанга ички дүң продукцияны 5 пайыздан түшүрбөө милдетин койгон. Мамлекет башчы соңку алты айда өкмөт өрт өчүргүчтөрдөй иштеп, макроэкономикалык туруктуулукту сактап калды, деп билдирди. Кыргызстанда быйыл инфляция 4 пайызды түзүп, түз инвестиция былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 80 миллион долларга көп келген.

XS
SM
MD
LG