Румыниянын айыл чарба министрлиги өлкөдө катталган куштардын сасык тумоосу Азияда 60тан көп кишинин өмүрүн алган илдетке окшош экени тастыкталганын билдирди. Евробиримдиктин Британиядагы лабораториясы бул кабарды тастыктады. Румыниянын эки кыштагында катталган канаттуулар сасык тумоосунун вирусу Британиядагы Евросоюздун лабораториясына текшерүүгө жөнөтүлгөн эле. Коркунучтуу илдет Түркияда да табылган. Шейшемби күнү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Люксембурга чогулуп, коркунучтуу илдетти жайылтпоо маселесин талкуулашат.