БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 17-октябрда түнкүсүн республиканын айрым аймактарында, күндүз Ысыккөл жана Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт. Ал эми калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн 15-20 метрге ал эми күндүз 10-14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17 градус. Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22. Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус жылуу болот. Нарын дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19 градус.
Борборубуз Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн +4…+6, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.
Жекшембилик кабарларды Бурулкан Турдубек кызы жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу