Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

«Туратали» базарынын ээси аныктала элек


БИШКЕК. Карасуу районундагы «Туратали» базарына байланышкан сот иши аяктай элек. Ошондуктан, расмий бийлик базарга байланыштуу кандайдыр бир чараларды көрүүнү эрте деп санайт. Мындай пикирин Ош облусунун губернатору Анвар Артыков жекшембиде «Азаттыкка» билдирди.
Сентябрда Карасуу райондук соту «Туратали» базарына байланышкан маселени карап, аны мамлекетке таандык деген чечим чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон «Кыргыз соода бирикмеси» ишканасынын ээлеринин апелляциялык арызын азыр облустук сот карап жатат. Учурда «Туратали» базарынын башчылылык милдетин райондук жетекчиликтин чечимине ылайык, Жолборс Осмонов аткарууда. Базардын мурдагы жетекчиси Абдалим Жунусов жана анын айдоочусу базарга байланыштуу сот болор алдында, 5-сентябрда атып өлтүрүлгөн. Ал эми 21-сентябрда базардын ээси саналган Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди Бишкектеги өз үйүнүн жанында белгисиз адамдар атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG