Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Акаевдердин адвокаты өзүнө каршы бейбаштык жасалгандыгын билдирди


БИШКЕК. 15-октябрда кечинде экс-президент Аскар Акаевдин жана анын үй бүлөсүнүн адвокаты Максим Максимовичтин өмүрүнө кол салуу болгондугу тууралуу маалыматты тартип коргоо кызматы бышыктаган жок. Ал эми Максим Максимовичтин билдирүүсүнө караганда, бул күнү кечинде адвокат өзү жашаган үйүнүн тушунда кандайдыр бир жарык зат жанынан жонуп өткөндөй болгон, бирок андан өмүрүнө корунуч келтирген жагдай түзүлгөн эмес. Муну кимдир бирөө тарабынан жасалган бейбаштык катары сыпаттаган Максимович факт боюнча тартип коргоо кызматтарына кайрылбастыгын, ден соолугуна эч кандай залал келбегендигин билдирди. Ишемби күнү кечинде орусиялык адвокат Максимовичтин өмүрүнө кол салуу болгондугу тууралуу маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG