Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Куштардын сасык тумоосуна каршы күрөш жүрүүдө


Түркия менен Румыния куштардын сасык тумоосунун өмүргө коркунучтуу вирусун жайылтпоо үчүн катаал чараларды көрүштү. Түрк бийликтери илдет табылган кыштактын жана анын тегерегиндеги бардык үй канаттууларын жок кылышты, аймакты дезинфекциялады. Румын бийликтери да Дунай дарыясынын ылабындагы коркунучтуу вирус табылган аймакта он миңдеген тоок-каздарды кырып жок кылышууда. Сирия жана Сауд Арабиясы куштардын сасык тумоосунан коргонуу үчүн кошумча чара кабыл алды. Сириянын айыл чарба министрлиги шектүү илдет байкалса, ошол замат маалымдоо үчүн атайын телефон байланышын орнотту. Сауд Арабиясы ооруканага кайрылган бардык адамдар куштардын сасык тумоосунан текшерилсин, деп буйруду. Мекке-Мединага зияратка келген адамдар да атайын текшерүүдөн өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG