Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

ФУТБОЛ БОЮНЧА ЧЕМПИОН 2-НОЯБРДА АНЫКТАЛАТ


Кыргызстандын футбол боюнча 14-чемпионатынын Жогорку Лигасында таймашкан командалардын мыктылары аныкталып, 2-ноябрда жаңы чемпиондун аты аталат. Кыргызстандын былтыркы жеңүүчүсү Нарындын “Дордой- Динамо” командасы чемпиондугун сактап калабы, же дүбүртү каттуу чыгып келаткан Бишкектин «Шоро-СКА» командасына алдырып жибереби?

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 14-12 команда ат салышып келсе, былтыр 8 команда гана ойногон. Мурдакы жылдары Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган. Ушул командадан 10 футболчу чет өлкөргө кетип калып, каражат маселесинин айынан “Шоро” командасы менен биригүүгө аргасыз болушкан. 2 жыл катары менен күмүш байгенин ээси болгон Карасуунун «Жаштык-Ак алтын» командасы да мурдакы жылы чемпион аталган. Нарындын «Дордой» командасын канчалык күчтүүлөп , жакшы шарт түзүп берген менен 2 жыл үчүнчү орунда калып, былтыр гана өлкөнүн чемпиону болушкан.

Кыргызстандын 14-футбол чемпионатынын финалдык айлампасында мыктылары иргелип, байгелүү орундар үчүн күч сынашып жатышат. Жогорку Лигадан 2 команданын кендирин каражат маселеси кесип, финалдык айлампадан чыгып калганын өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Кадыр Чыныбеков айтты:

- Эмдиги жылкы чемпионатты түндүк жана түштүк аймактарга бөлүп өткөрөлү дегенибиз, каражат маселесин үнөмдөөгө жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болсун деген гана тилек. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен төрттөн команда, экинчи айлампада Супер Лигада чемпиондук үчүн күч сынашат. Мурда Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп келсе, эми Талас, Ысыккөл, Жалалабат аймактарынан да командалар мөрөй талашууга катышса деген максат. Мындай тажрыйбаны мурдакы жылы да пайдаланганбыз, ошондо Ысыккөлдүн намысын «Көлтөр» футбол командасы коргоого аракет кылып, келечегинен үмүткөр кылып койгон. Ал эми быйылкы чемпионатта каражаттын айынан Гвардия-РУОР жана Аравандын “Ал-Фагир” командалары марага жетпей калышты.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 14-футбол чемпионатынын жеңүүчүсү Бишкектин «Шоро-СКА» командасы болушу ыктымал дешет, футбол адисттери. Себеби, алар 21 оюнда 16 ирет жеңишке жетишип, 3 жолу тең чыгуу менен эки жолу гана утулган. Учурда алар 51 упай менен алдыңкы орунда баратат. Аталган команда 29-октябрда алар Канттын «Абдыш-Ата» командасы менен акыркы беттешүүнү өткөрүшөт. Ошондой эле өлкөнүн былтыркы чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы баш байгеге негизги талапкердин бири. Бул команда 19 оюн өткөрүү менен 48 упай топтоп, дагы кийинкиге жылдырылган.

Үчүнчү катарда Кыргызстандын экс-чемпиону - Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы 32 упай менен баратат. Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасы 20 оюнда 31 упай топтоп, коло байгеге талапкер болууда. Эмки жылы бул команда баш байге үчүн атаандашчудай.

Футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионатынын беттешүүлөрүндө «Жаштык-Акалтындын» оюнчусу Евгений Болдыгин атаандаштарынын дарбазасына 20 топ киргизип, алдыда баратат. Былтыр мыкты оюнчу аталган «Дордой» командасынын чабуулчусу Замир Жумагулов да чебердигин көрсөтүп, 15 топ киргизе алды.

Ал эми 1-Лигада баш байгеге Кант шаарынын «Наше пиво» командасы менен Бишкектин “Шер” командалары талапкер болушууда. Түштүк аймагында “Курбанов-100” жана “Акбуура” командалары алдыңкы орундарды ээледи.

Каражат маселесинин айынан эмдиги жылы футболдон 15-чемпионатын түндүк жана түштүк аймагына бөлүп өткөрүп, экинчи айлампага мыктыларын иргеп алуу каралууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG