Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Айдар Акаевдин мандатын алуу үчүн Жогорку Кеңеш демилге көтөрүүсү керек


БИШКЕК. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 56-беренесинде жүйөөсүз себептер менен бир сессия бою Жогорку Кеңештин отурумуна катышпаган депутат өзүнүн ыйгарым укугунан ажыратылат деп жазылган. Юстиция министри Марат Кайыповдын «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматына караганда, депутат Айдар Акаевдин мандатын алуу үчүн адегенде Баш мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы же парламент депутаттары тарабынан бул маселе демилге катары көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин күн тартибине сунушталышы керек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 12-октябрда журналистерге Айдар Акаев жүйөлүү себептер менен кызматына келе албай жүргөндүгүн маалымдап, анын депутаттык мандатын алуу үчүн ага добуш берген шайлоочулардын үчтөн экисинин добушу керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG