Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Президент Аксыга жакын арада барбайт


БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Аксы районуна октябрь айы ичи барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиев «Азаттыкка» 17-октябрда билдирди. Анын айтымында, чынында эле мамлекет башчы өткөн аптада Аксы районунан келген атуулдар менен жолугушкан. Жолугушууда ал Аксы районуна 20-октябрга чейин барам деп айткан эмес. «Пикир алмашуу учурунда президент өлкөнүн түштүктөгү областтарындагы райондорду кыдырган учурда Аксы районуна да барам деп сөз берген. Ошондуктан президент келээрки айда башка райондорду кыдырып жатып, Аксыга да барышы ыктымал», - деп кошумчалады Досаалы Эсеналиев. Ал эми Аксы районунун Акжол айлында он алтынчы октябрда жыйын өткөрүлдү. Анын катышуучулары эгерде, мамлекет башчы Курманбек Бакиев убадасына туруп, 20-октябрга чейин Аксы эли менен жолугушпаса, аксылыктар президенттин кызматтан кетишин талап кылган акцияларды баштоо тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» телефон аркылуу «Азимбек Бекзараровду коргоо коомунун» мүчөсү Кубаныч Маматкеримов билдирди. Аксылыктар мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров кызматтан алынышына нааразылык билдиришип, анын себебин мамлекет башчы Аксы районуна барып, элге түшүндүрүп берүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG