Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Куш тумоосу түйшөлтүүдө


Британиянын саламаттыкты сактоо боюнча катчысы канаттуулар вирусу өлкөгө жайылса, 50 миңдей кишинин өмүрүн алышы ыктымал деп билдирди. Анын тынчсыздануусу 2003-жылдан бери Азияда 60тай кишинин өмүрүн жалмаган куштар тумоосу Румыния менен Түркияда катталганы ырасталгандан улам келип чыкты. Европа Биримдигинин президенти Хосе Мануэль Баррозо канаттуулар вирусуна каршы чечкиндүү чаралар көрүлөт, деп ишендирди. Түрк жана румын бийликтери куштар тумоосу алыскы чакан айылда катталганын, анын жайылышына каршы катуу аракет көрүлүп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG