Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

ПРЕЗИДЕНТ КОЙГОН МИЛДЕТТЕР ИШКЕ АШАБЫ?


Өткөн жумада кеңейтилген кеңешмеде президент Курманбек Бакиев келерки жылы ички дүң продуктыны 8 пайыз өстүрүүнү өкмөткө табыштады. Андан сырткары быйыл жылы өткөн жылга салыштырмалуу бажы жана салык төлөмдөрү 1 миллиард 600 миллион сомго көп жыйналганын билдирди. Мына ушул сандар канчалык реалдуу?

Ички дүң продуктыны келерки жылы 8% өстүрүү өтө татаал маселе экенин премьер-министр Феликс Кулов дароо эле белгилеген. Ал эми экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бул планды аткаруунун шарттары тууралуу буларды билдирди:

- Инвестициялардын келишине шарт түзүп, “Ак кеме”, Каракеченин маселелерин баарын чечишибиз керек. Ошондой суроолордун баарын чечип, алдыга жыла турган болсок 8% өсүштү камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бар.

Андан сырткары жаңы Салык кодекси ишкерлерге жакшы шарт түзөт жана анын даяр бөлүктөрү парламент кароосуна жибериле баштады деген Акылбек Жапаров, жаңы кодекстеги өзгөчөлүктөр тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстанга алып кириле турган жабдууларга кошумча нарк салыгы алынып салынат. Андан сырткары, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү да кошумча нарк салыгынан бошотуп жатабыз. Үчүнчүдөн, жеке киреше салыгынын жана пайда салыгын 10% кылып жатабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев келерки жылы ички дүң продуктыны 8% өстүрүү реалдуу экендигин айтып буларга токтолду:

- 2004-жылкы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, Кумтөрдү кошпогондо 7,8%, Кумтөр менен 7.2% өсүш болгон. Ушундай өсүү тенденциясы болгон. Ошондуктан 8% өсүш абдан эле реалдуу сан. Эгерде кээ бир биз күтүп жаткан ишканалар, ири мекемелер ишке киришип кетсе, анда ого бетер реалдуу.

Бирок депутат Темир Сариев бажы жана салык жыйындарын 1 миллиард 600 миллион сомго көбөйтүү өткөн жылы эле караштырылганын жана булар пландагы эле сандар экенин белгиледи.

“Кыргызстан нефтитрейдерлер” бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов салык жана бажы төлөмдөрү көп жыйналды деген мамлекет башчысынын сөзүнө карата мындай пикирин билдирди:

- Бул сандардын өзү 2005-жылдын мамлекеттик бюджети боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн. Аны аткарыш ыйык милдет. Анан аны эмне үчүн шумдуктай ийгилик деп көрсөтүп жатабыз? Өкмөт өзүнүн каражатын толук текшерип, талдап, элге чындыкты айткандан айыбыгып турат.

Ал эми экономика жана каржы министри быйылкы жылдын бюджети жөнүндө мыйзамында каралгандан сырткары топтолгон каражат 400 миллион сомдун тегерегинде экенин билдирди:

- Быйылкы бекитилген бюджетке караганда 103% көбүрөөк аткарылды. Ошондо 400 миллион сомго чейин көбүрөөк жыйнашты.

Президенттин кеңешмедеги сөзүнө депутат Темир Сариев жалпысынан мындай баа берди:

- Кеңешмеде көп тармактуу тезистик сөздө айтылды. Алардын кээ бирөө талашты пайда кылса, кээ бирөө колдоону талап кылат. Маселен, салык саясаты, социалдык төлөмдөр боюнча айтылган сөздөрдү мен абдан колдоймун. Андан сырткары, менчикке байланыштуу ал кайра каралбайт, мамлекет ага кепилдик берет дегенди да колдоймун. Ал эми байларга чоң салык салынат деген сөздү мен колдой албаймын. Анткени биз байлык менен эмес, кедейлик менен күрөшүүбүз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG