Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

ЭКОНОМИКАНЫ ЭМИ ЭСТЕДИК, ПРЕЗИДЕНТ БИЙЛИК БЕРБЕЙБИ?


18-октябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Конституциялык кеңешмедеги талкуу, сунуш-пикирлер, өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесиндеги президенттин сөзү жана парламентте каралган маселелер тууралуу болду.

18-октябрдагы “Агым” гезитинде публицист Алым Токтомушев өлкөдө саясат чатагы бүтүп, сандар чатагы башталганын, жаңы бийлик экономиканы эми гана эстегенин талдоого алган. “Президент Курманбек Бакиев өлкө экономикасынын өбөлгөсүн сомдун туруктуулугу, инфляциянын төмөндүгү менен байланыштырып кетти. Сом менен инфляция эмненин эсебинен кармалып турат? Акча массасын жасалма кыскартуу менен. Акча чектелүү болсо суроо-талап да аз болот. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү жоголот, демек өндүрүштү өлтүрөт. Муну орус туугандар “Пиррдин жеңиши” деп коет. Мына ошол эле статмаалымат: элдин реалдуу кирешеси азайып, кошумча нарк көбөйүүдө. Өлкөнүн орто атуулунун кирешеси жашоонун эң төмөнкү баасын камсыз кылбайт,” деп жазат Алым Токтомушев.

“Агымдын” кабарчы Максат Калыков өлкөнүн тышкы саясатына талдоо жүргүзгөн. “Вашингтондун Ташкенге далысын салып, ошол эле учурда Бишкекке койнун ачып жатышы Өзбекстандын чегаралаш кошунасы, экономикалык өнөгү катары Кыргызстанга көп эле проблемаларды пайда кылаары турулуу иш. Өзбек качкындарын үчүнчү өлкөгө берип ийгени үчүн эле газды бууп койгон кошуналар экономикалык жагынан дагы далай сюрпириздерди сунушу мүмкүн” деп жазат автор.
Ушул эле “Агымда” журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун Конституциялык кеңешме: президент бийлик бөлүштүргүсү келбейби?” деген макаласы чыкты.

18-октябрдагы “Аалам” гезити баяндамачы Рыскелди Момбеков “Эл өкүлдөрүбү же эл өкүртөөрбү” деген макаласында учурдагы парламентти мурунку “легендарлуу парламентке” теңөөгө болбосун айтып, Жогорку Кеңештин иш-аракеттерин талдоого алган.

“Ал кездеги депутаттарыбыз элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгын өз кызыкчылыктарынан өйдө койгондугу үчүн, ошол кездеги бийликке жакпай калып таркатылып кеткен. Эл таламын талашканыдыгы үчүн “Элдик легендарлуу парламент” деген атка конгон. Азыркы парламент андай баатырдык ишке бара элек. Тескерисинче, өз элинин кызыкчылыктарынан жеке кызыкчылыктарын жогору койгонго умтулуп жатышат. Чыр-чатак менен келген парламент учурда чырдын чынжырынан бошой элек,” деп жазат автор.

“Эми жалаң эркектерден турган парламентибиз элдин ишенимине ээ болуп баратат деген сөздү айтууга эч кимдин кудурети жетпейт. Анткени учурдагы парламент мүчөлөрүбүздүн акыркы үч саясый чечимдери коомчулуктун колтугуна котур ташын байлап салды. Биринчиси, Жогорку Кеңеш депутаттарын референдум жолу менен таркатуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизе салганы; Экинчиси, митинг, пикет өткөрүү боюнча 1 жылга мароторий жарыялоо боюнча мыйзам кабыл ала койгону; Үчүнчүсү, өздөрү үчүн 1 миллион америка долларына бүтө турган 110 квартиралуу үйдү салдыруу үчүн токтом токуй салганы болду. Мына жогорудагы үч мыйзмадын өзгөрүлүшү коомчулуктун аларга болгон көз- карашын да өзгөртүп жиберди,” деп жазат аталган макаланын автору Рыскелди Момбеков.

“Аалам” гезити Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин да жарыялады.
“Парламентти 100 пайыз прапорционалдуу система менен же партиялык тизме менен шайлансын дейм. Анткени мына акыркы парламенттик шайлоо кандай жаңжал алып келгенин өзүңөр билесиздер. Жалаң бир округдук система абдан чоң ызы-чууга алып келди. Ошондой окуялар кайталанбасы үчүн партиялык тизме болгондо бүт Кыргызстандын шайлоочулары шайлайт да. Бул жерде эч кандай бөлүнүп-жарылуу болбойт. Керек болсо бул жерде гендердик саясат да орун алып, аялдар да, башка улуттардын өкүлдөрү да партиянын тизмесине кирет эле” деген пикирин билдирет “Аалам” гезити аркылуу “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясынын лидери Жыпар Жекшеев.

Мына ушундай маанайдагы макалаларга, Жалалабаддын губернатору Жусупбек Жээнбеков менен болгон маектешүүгө орун берилгенин аталган гезиттин жооптуу редактор Аида Надырбекова айтып берди.

18-октябрдагы “Эркинтоо” гезити өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесиндеги президент Курманбек Бакиевдин сөзүн толугу менен кыргызча которуп берди. Ошондой эле президенттин сөзүн кубаттаган жетекчилердин, партия лидерлеринин үн кошууларына орун берди. Анда “саясатты токтотуп, экономиканы, өндүрүштү көтөрөлү” деген пикирлер айтылган.

18-октябрдагы “Кыргыз туусу” гезити да өкмөттүн кеңейтилген кеңешмесиндеги президент Курманбек Бакиевдин сөзүн, аны кубаттаган жетекчилердин, партия лидерлеринин үн кошууларына орун берди. Гезитте КООРТ телекомпаниясынын айланасындагы ызы-чуу тууралуу, АКШнын Кыргызстанга жасап жаткан өзгөчө ысык мамилеси жөнүндөгү макалаларга да орун берилди.

17-октябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити КООРТ телекомпаниясынын жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр тууралуу маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG