Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

ООЗУН ЖИП МЕНЕН ТИГИП, АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАН ДОСУМБАЙ ДҮЙШАЛИЕВДИН АБАЛЫ НАЧАРЛООДО


Ысыккөл облусунун Чоңсарыой айыл өкмөтүнүн «Ынтымак» кооперативинин мурдакы жетекчиси Досумбай Дүйшалиевге кооперативдин мүлктөрүн өз кызыкчылыгына пайдаланган деген айып тагылып, Балыкчы шаардык соту Кылмыш кодексинин 169-беренеси боюнча 15 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан. Дүйшалиев шаардык сот мыйзамды бузуу жолу менен адилетсиз чечим чыгарган деп, нааразылык билдирүү менен ачкачылык жарыялап, оозун жип менен тигип алганына бир айдын жүзү болду. Учурда ал Бишкектеги №47-түзөтүү колониясынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, денсоолугу күндөн күнгө начарлоодо.

Айыпталуучу Досумбай Дүйшалиев 18-октябрда президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Дүйшалиев аны менен жазага тартылган адамдардын кылмыш ишин кайрадан текшерүү боюнча укук коргоочу Турсунбек Акун жана адвокаты катышкан мамлекетик комиссия түзүүнү, анын жазган арыздары боюнча коррупцияга бөгөт коюуну, саясий туткун деп табууну өтүнгөн.

Дүйшалиев Балыкчы шаардык сотунун судьясы Тургунбек Исавдин чыгарган чечимине нааразылык билдирип, өктөн айда оозун тигип, ачкачылык жарыялаган.

Ал эми судья Тургунбек Исаев «Ынтымак» кооперативи боюнча мыйзамдын негизинде соттук иш жүргүзүп, кылмышка катыштыгы бар адамдарга туура жаза бергендигин билдирди:

- Мен ага 15 жыл, башкы бухгалтер, башкы зоотехникке 13 жылдан бердим. Мен туура чечим чыгардым деп эсептейм. Азыр облустук сот карап атат. Алар бул ишти эмнеге созуп атышат билбейм. Эмдигиче жыйынтык чыгарыш керек болчу.

Айыпталуучу Досумбай Дүйшалиев болсо, бул ишке мурдакы бийлик өкүлдөрүнүн катыштыгы бар деген ишенимде:

- Ошол кездеги президенттик аппаратта, өкмөттө иштеген адамдар жеп ичүүлөргө катышкан. Ошондуктан айыптары чыгып калбасы үчүн мени 1999-жылдан бери куугунтукка алышып, өздөрүнүн кылмыш ишин жабуу максатында бир нече жолу камакка алуу менен аракет кылып келишкен. Ал түгүл мени өлтүрөбүз деген коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Кийин тергөө убагында кооперативдин документтерин мыйзамсыз алып таштоо, жоготуу менен мага, Дөөлөтбаков Токтомбайга, Кунайева Раяга, Орозобеков Асылбекке кылмыш иши жасалмаланып сотко өткөрүлгөн. Балыкчы шаардык соту Тургунбек Исаев төрагалык кылган сот жараянында кооперация боюнча мыйзамды,”Ынтымак” кооперативинин жалпы чогулушунун чечимдерин тебелеп-тепсеп, мени жана башкаларды соттоп жиберди.

Ал эми Досумбай Дүйшалиевдин адвокаты Токторбек Ашыркул уулу бул иш боюнча төмөнкүдөй пикирде:

- Бул иш менен таанышып көрсөм, эки башка кайчы иштер бар экен. Биринчиси, кооперативдин талаш-тартышы боюнча мурда эле башталган атуулдук иш бар экен. Демек, буга мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнүн эч кандай акысы жок болуучу. Ал эми бул жерде жарандык ишти кылмыш ишке которуп, козгоп Досумбайды жана Дөөлөтбаковду, Токонду, бухгалтерди кылмышка тартуу аракети менен бир жактуу айыптоо иретинде тергелген. Менимче, бул мыйзамдын одоно бузулушу менен болгон иш.

Айыпталуучу Досумбай Дүйшалиев акыйкаттык болмойунча ачкачылык акциясын токтопой тургандыгын билдирди:

- Менин оозумду тигип, ачкачылык жарыялаган акциямдын негизинде жана Жогорку сотко жазган арыздарымдын негизинде Ысыккөл облустук сотунан кылмыш ишим алынып, Чүй облусунун сотуна берилди. Азыр ушул тапта мен Бишкектеги №47-түзөтүү колониясында отурам. Хирургия бөлүмүндө дарыланып атам. Бул бөлүмгө мен ыраазычылык билдирем. Денсоолугум уламдан-улам начарлоодо. Мен мыйзамдуу түрдө соттогон соттон адилет чечим чыгармайынча оозумду кайра чечүүдөн, ачкачылык акциямды токтотуудан баш тартам.

Чүй облустук сотунун төрагасы Чубак Абышкаевдин айтымында, Досумбай Дүйшаливдин кылмыш иши шейшембиде облустук сотко келип түшкөн. Учурда аны менен таанышуу иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG