Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:51

Нарында көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга чейин кымбат болууда


НАРЫН. Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун орунбасары Калмур Ормушев 18-октябрь күнү атайын уюштурган маалыматтык жыйынында билдирди. Маселен, өткөн жылы көмүрдүн баасы орточо 1200 сом болсо, быйыл 1450 сомго чейин чыгууда. Ошол эле маалда күйүүчү майлардын баасы салыштырмалуу 23,5 пайызга өскөн. Облус бийлигинин өкүлүнүн айтымында, жалпы керектөөчү көмүрдүн 72,1 пайызы тартылган. Бирок Кочкор жылуулук ишканасы 50,5 пайыз, Жумгал жылуулук ишканасы 14 пайыз гана көмүрдү камсыздагандыгы айтылып, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда көмүр тартуу 59,4, 64,8 жана 69,5 пайызга аткарылгандыгы маалымдалды. 18-октябрга карата Каракечеден Акталаа районуна кетүүчү Молдоон бели автоунаа жолу калыбына келтирилген. Бул жол “Жоомарт” кыймылы тарабынан өткөн аптада атайын казылып, автоунаалар өтө албай калган абал түзүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG