Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Бейөкмөт уюмдар өлүм жазасын алып салууну колдошот


БИШКЕК. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Конституцияга өлүм жазасын алып салуу жөнүндөгү норманы киргизүү демилгесин колдошот. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешмеге мүчө бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү бул маселени кеңешменин отурумдарында көтөрмөкчү. Бул тууралуу 18-октябрда «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунан бидиришти. 13-октябрда өткөн Конституциялык кеңешменин жыйынында президент Курманбек Бакиев өлүм жазасын алып салуу маселесин колдой тургандыгын маалымдаган. Бирок коомчулукта Кыргызстандагы азыркы шарттарда өлүм жазасын алып салуу эртелик кылат, деген пикирлер да бар. Кыргызстанда 1998-жылдан бери өлүм жазасына мораторий жарыяланып келет. Жазаны аткаруу боюнча башкармалыктын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө өлүм жазасына кесилген 167 адам бар.

XS
SM
MD
LG