Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

КУШ ТУМООСУ ДҮЙНӨНҮН БАШКА ЖЕРЛЕРИНДЕ ДА ТУТАНЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Куш тумоосу Грециянын аймагына жеткендиги маалымдалды. Коркунчтуу вирус Эгей деңизинде, Түркияга жакын жайгашкан аралда күрптөр фермасынан чыккан. Грециянын адистери ылаңдаган канаттуулардан чыккан вирустун кайсы уңгуга таандык экенин изилдеп жатышат.

Дүйшөмбү күнү Грециянын Оинозес аралында тутанган сасык тумоо грек бийликтерин бейпайга салды. Эгей деңизинде жайгашкан чакан аралда медиктер күрптөрдүн фермасында иштеген жумушчуларды текшерип жатышат. Ылаңдаган канаттуулардан алынган вирустун үлгүлөрү Еврошаркеттин Англиядагы лабораториясына жиберилди. Окумуштуулар вирустун коркунучтуу h5 n1 уңгусуна таандык экенин аныкташат. Грек бийликтери 700 тургуну бар аралдан канаттулардын этин өлкөнүн башка региондоруна жана чет өлкөгө алып чыгууга тыйуу салышты. Буга чейин сасык тумоо Түркия менен Румынияда тутанган. Эки өлкөдө тең ылаңга адамдар үчүн коркунучтуу h5 n1 вирусу себеп болгондугу тастыкталды. Иликтөөлөр Болгария менен Хорватияда дагы жүргүзүлүүдө. Боснияда жүргүзүлгөн текшерүү өлгөн тооктордон канаттуулар сасык тумоосунун вирусу табылбаганын ырастады.

Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө Люксембургда өткөн чукул жыйында сасык тумоо коркунучуна каршы кандай чараларды көрүү керек деген маселени талкуулашты. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу Европа вирус адамдарга жуккан учурга бирдиктүү стратегия иштеп чыгуусу керек, деп билдирди. Министрлер бул глобалдык коркунчка каршы эл аралык дэңгээлде координациялаган чараларды көрүү абзел, деп макулдашышты.

Анын аралыгында Румыния Дунайдын деңизге куйган жериндеги Украин чек арасынан алыс эмес жерде ак куулардан сасык тумоонун вирусу табылганын билдирди:

- Украин чек арасына жакын жерден биз организминде вируска каршы заттары бар ак кууну таап алдык. Ушундай эле анализдер Дунай дельтасындагы Малиуч кыштагынын айланасындагы ак кууларды текшергенде чыкты, - деди Румыниянын айыл чарба министри Георге Флутур.

Министр ошондой эле түзүлгөн жагдайда бирдиктүү регионалдык стратегияны иштеп чыгуу үчүн Молдова, Румыния жана Украинанын өкүлдөрү ушул бейшембиде жолугушканы жатканын билдирди. Кошумчалай кетели, Дунайдын Кара Деңизге куйган жериндеги дельта Румыния менен Украинанын аймагында жайгашкан, бул жер келгин куштар эң көп токтогон жерлердин бири.

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө 2003-жылдын соңунда чыккан сасык тумоо ылаңдаган канаттуулардан 100дөн ашык адамга жуккан, алардын бери дегенде 65и каза болду. Бирок адистер сасык тумоо негизинен ылаңдаган канаттуулар менен алпурушкан адамдарга жуккандыгын айтып жатышат. Ошентсе да вирус адамдын организминдеги кадимки сасык тумоонун вирусу менен аргындашып, түр-түспөлүн өзгөртүшү мүмкүн. Андай болгондо, вирус адамдан адамга жугуучу формага өтүп, дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч келтире турган пандемия башталышы ыктымал.

Бирок Саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мария Чең ылаңдын азыркы очогу менен вирустун ыктымал мутацияланышынын ортосунда чоң айырмачылык бар экенин белгилейт:

- Менимче адамдардын көбү оорунун пандемияга айлануусунан кооптонуп жатышат. Бирок азыр андай жагдай жок. Оорунун Европада тутанган очоктору бул малдын ылаңы. H5n1 вирусу адамдарга сейрек учурда таасир этет, ошон үчүн ал жалпы калк үчүн коркунуч жаратпайт. Бизди камтама кылып жаткан нерсе вирус түрүн өзгөртүп, пандемияга алып келиши ыктымал.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму куш ылаңынын бул түрү дүйнөнүн башка жерлеринде тутанышы ыктымал экенин эскертет. Ошону менен бирге эле уюм вирустун мутацияланган түрү эң оболу Азияда пайда болуусу ыктымал экенин, анткени, ал чөлкөмдө вирустардын саны алда канча көп экенин айтат.

- Bирустун адамдарга жуккан учуру Азия өлкөлөрүндө эле катталды, муну ал жерде вирустун массалык түрдө топтолгону менен түшүндүрүү мүмкүн. Ошон үчүн анын мутацияланган түрү да эң оболу Азияда чыгышы мүмкүн, - дейт Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун өкүлү Мария Чең.

XS
SM
MD
LG