Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

«БАШ ПРОКУРАТУРА ЖОЮЛГАНЫ ТУРАТ», КООРТТУН АКТАЙ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Кыргыз коомдук агартуу телерадиосунун - КООРТ жетекчилиги алмашканына нааразы болгон жаңылыктар кызматынын журналисттери ишке чыгуудан баш тартышууда. А. Бекназаровдун ордуна кызматка келген Б. Табалдиев бир айга жетпей арызын жазып, мурдагы ордуна кетти. Президент өкмөттүк жыйын чакырып, аткаруу бийлик башчыларынын алдына үлкөн милдеттерди койду.

«Башкы прокуратура жоюлганы турат» деп жазат 18-октябрдагы «Кыргыз руху» гезити. «Эми ким барат болду экен ал жерге. Бир кокуй жер болду го. АААнын доорундагыдай бүгүнкү бийликке да «куурчак» кадрлар жетилгичекти дагы далай генпрокурорлорду көрөрбүз. Балким андай «куурчактар» жетилбей калсачы? Андале, эмне Башпрокуратура жоюлабы? Сөзсүз», деп белгилейт гезит.

Кыргыз коомдук агартуу телерадиосу – КООРТ телеканалынын жаңылыктар кызматынын журналисттери жаңы жетекчиликтин алдында иштөөдөн баш тартып, ишке чыгышпай жатканын 18-октябрдагы «МСН» гезити маалымдады. «Жакын арада жаңылыктардын КООРТ эфиринде чыгышы күмөн. Апта соңуна чейин чыгармачыл жамаат иш таштоону токтотпосо, алардын ордуна башкалар келишет. Коортчуларга жаңы иш издөөдөн башка амал калбайт», деп жазат Д.Малеваная «КООРТтун актай бети» деген макаласында.

Аксылыктардын талабын туура көрүп кызматтан кеткен Бусурманкул Табалдиев ушул эле гезитте жарыяланган маегинде прокуратура саясаттан сырт болуш керек, үч күн иштеп эки күн интервью, пресс-конференцияларды уюштуруу практикасын токтотуу керек дейт. Добулбасты каң койгон прокурор саясий чуудан алыс болушу абзел, деп белгилейт Б. Табалдиев.

«Мыйзамдуулук бизде мыкты сакталууда, деп эч ким айта албайт. Жашырганда эмне, мамлекеттин мыйзам сакчылыгында турган кызмат кээде көрүп туруп көрмөксөн, баймаксан, көзүн ушалап билмексенге салган учурлары болуп калат. Тартип мыйзам үстөмдүгү болгон жерде гана орнойт», дейт Б. Табалдиев.

Өкмөттүк жыйында жасалган президент К. Бакиевдин баяндамасы, ага карата пикирлер топтомун 18-октябрдагы «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Слово Кыргызстана» гезиттери жарыялады. «Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин сөзү өтө бийик деңгээлде мамлекеттик чоң ишмердин айта турган программалык сөздөрү болду. Бул жөнөкөй нерсе эмес», дейт “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев «Эркинтоо» гезити аркылуу.

Иш сапары менен Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырган АКШын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын ара жолдон Москвага ат тизгинин бура кетишинин себеп-жөнүнө саясат таануучу Алымбек Биялинов шаршембидеги «Республика» гезитинде жарыяланган макаласында токтолгон. Автордун пикири боюнча, АКШ менен Орусия Борбор Азияга таасир көрсөтүүнүн узак жолунда чарчап калбашы үчүн азыноолок демин басып алганы оң. Борбор Азиянын жанында комдонуп чыгыш «жолборсу» - Кытай жатат, дейт макала автору.

Көргөзмөлөр ишкердик менен экономиканын ачык күзгүсү, деп жазат «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында Дмитрий Орлов. Басылмада Конституциялык кеңешмеде айтылган сунуш, пикирлердин топтомуна да орун берилген.

Ак жоолукчан зайыптар жок өкмөт курамы, жаңы номенклатуранын өктөм дымагы тууралуу шаршембидеги «МСН» гезитинде парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиев ой жүгүрткөн. Депутаттын пикиринде, өкмөттүн азыркы түзүмү опсуз чоң бойдон калды. Министрликтердин саны азайганы менен агенттиктердин катары арбыды. Мурдагыдай эле кабелтең, көп тепкичтүү, чачкын структура сакталууда. Баарынан да өкмөт курамында ак жоолукчандардын жоктугу ойлонтчу маселе. Парламент министрликке үч зайыпты өткөрбөй койду. Өкмөт башчы менен президент деле алардын өтүшүнө кызыкдар болгон жок. Роза Отунбаева башынан эле жаңы парламентти жактырбай сындап келген. Аны өткөрүш үчүн аткаруу бийлиги парламенттен колдоо издеген жок. Жантөрө Сатыбалдиев президент өзү өкмөттү жетектеши керек, деп эсептейт. Ошондо мамлекет башчы жоопкерчиликти толук мойнуна алып, экономикалык саясатка да жооп берет.

Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу маселени Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле Төрөкул Жанузаков деген азамат уул көтөрүп чыккан. Ал тууралуу 19-октябрдагы «Республика» гезитинде тарыхчы Кожомкулов ой жүгүртөт.
XS
SM
MD
LG