Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Дүйнө жүзүндө кесиптик кошуундарга каршы зомбулук күч алууда


Эркин Кесиптик Кошуундар же Профсоюздар Эл аралык Бирикмеси кабарлагандай, өткөн жылы дүйнөдө кесиптик кошуундардын 145 мүчөсү киши колдуу болгон. Алардын 99у Колумбияга туура келген. Бирикменин изилдөөсү көрсөткөндөй, былтыр профсоюздун 700дөн ашык мүчөсү сабалып, же кыйноого алынган, 4 жарым миңден ашыгы кесиптик кошуундагы иши үчүн жумуштан айдалган. Европада Украина, Беларус жана Молдова өлкөлөрүндө бийликтер кесиптик кошуундарды советтик доордогудай, кол баласындай колдонгусу келет. Жакынкы Чыгышта, кесиптик кошуундарга тыйуу салынган же Саударабстан, Оман сыяктуу өлкөлөрдө өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөт. Ошол эле мезгилде Бахреинде жана Катарда кесиптик кошуундарга жакында уруксат берилди. Эл аралык Бирикменин изилдөөсү 137 өлкөнү камтыйт. Биримдик 154 өлкөдөн 145 миллион жумушчу, кызматчылардын өкүлчүлүгү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG