Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

НАЛЬЧИКТЕ СОГУШКЕРЛЕРДИ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Нальчикте согушканы келгендерди кармоо боюнча кең масштабдуу аракети башталды. Кабарда-Балкар жумурият ИИМ маалымат кызматы билдиргенге караганда, коомдук тартипти сактоо органдарынын кызматкерлери көчөдөн-көчө кыдырып, ар бир үйдү тинтүү жүргүзүү башталган. Шаарда эл ташуучу транспорт токтогон. Жергиликтүү сыналгыдан тургундарды үйүнөн чыкпоо кулактандыруусу улам айтылууда.

18 октябрда Нальчикте мурунку бейшембиде кол салгандар тирүү калгандарын кармоо боюнча атайын аракет башталды. Эртеден бери улам өзгөрүлүп аткан маалымттарда, шаар ичи куду согуш маалындагыдай тосулуу экени айкындалат. Жергиликтүү сыналгыдан тургундарды эшикке чыкпоо кулактандыруусу айтылып атканы кеп болот. ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда, Исхож районун күч органдары төрт тараптан тосмолоп, ар бир үйгө кирип, 13-14 октябрда согушкандарга жан таркандар барбы, ага катышкандар барбы деп, тактоо жүргөн.

«Ассошейтэд пресс» агенттиги билдиргенге караганда, Нальчиктин үч районунда ок атышуу уланууда.

Кечээ президент Путин күч органдарынын аткарган жумушуна ыраазы экенин билдирди:

- Бандиттердин кыйласын жок кылган атайын кызматтагылар менен коомдук тартипти сактоо органынын ийкем уюшулган ишин дагы бир жолу белгилейм.

Анализчилер талдоосунда, бул орусиялык күч органдарынын Чечен согушу башталгандан бери согушканы келгендер каршысында биринчи жолу артыкчылык алышы. Орусиялык ИИМ орун басары Андрей Новиков 90дон ашуун согушканы келгендер жана алардын каршысында 33 милиция кызматкери окко учканын билдирди.

Бул күндөрү Кабарда-Балкар жумурияттык медициналык экспертиза өткөрүү борборуна 125 сөөк түшкөн. Орусиялык ырасмий чөйрө таркаткан маалыматта тургундар арасынан 12 киши ок жеп өлгөн. Сырттан көз салуучулар болсо, бул эсепти чындыкка коошпогондой дешет. Бул жерде, бийлик, согушканы келгендерди көп өлдү, тургундарды аз өлдү кылып жазуу болуп атат дешет. Буга мурунку күнү, куралдуу кармашта курман болгон балдарынын жасатын берүүнү талап кылып, Нальчикте жүздөгөн тургундардын көчөгө чыгуусу күбө дешет.

Анализчилер көпчүлүгү дал ушул көрүнүштү, башкача айтканда куралдуу кармаш басылды дегенден кийинки, Нальчиктеги тургундардын көчөгө чыгуусун өзгөчө жышаан катары карашууда. Дагы бир көп кеп болгон жагдай - бул жолку кагылышта күч органдары менен согушкандар баштан-аяк жергиликтүү калктын өкүлдөрү болушу дешүүдө. Буга дейре Кавказ тарапта мындай жорук болбогондугу айтылууда.

Кызык жери, куралдуу кармашта окко учкандар ким экенин билиш үчүн аракет кылган журналисттерди кармоо башталган. Алардын бири “Версия” гезитинин кабарчысы Алихан Жемалды күч органдары кармап кеткен. Биздин үналгы суроолоруна жооп айткан журналисттин атасы, Орусия исламдык комитетинин төрагасы Гейдар Жемал мындай деди:

- Алхан Жемaл, согушканы келгендер деп айтылып аткан, а чындыгнда бул же тигил себептен улам жазаланган шаар тургундары экенин билип, алар туурасында маалымат бергени атканы үчүн кармалды.

Нальчикте куралдуу кармаштан маалымат алуу кыйын болгондуктан азыркы тушта ал калаада эмне болуп атканын кесе айтуу мүмкүн эмес

XS
SM
MD
LG