Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

МҮЛК КОМИТЕТИ “КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУ” САТУУГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет «Кыргызтелекомдун» 90% акциясын тендерге коюуга, энергетика тармагын концессияга берүүгө даярдык көрүүдө. Жыл башынан бери болсо комитет беш акционердик коомдун мамлекетке тиешелүү акциясын 125 миллион сомго сатты.

“Кыргызтелекомдун” мамлекетке тиешелүү 51пайыз акциясын сатуу аракети буга чейин да жасалып, бирок Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны ага каршы чыгып, акция сатылбай калган. Анда германиялык “Тедеком” 51пайыз акцияга 16 миллион 200 миң доллар сунуштаган эле. Бул ирет болсо мамлекет колундагы «Кыргызтелекомдун» 90,45 пайыз акциясын толугу менен тендерге коюуга даярданууда. Телекомдун калган 9 пайыздан ашуун акциясы юридикалык тараптардын колунда.

Мүлк комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын баштоо үчүн, Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзам долбоорун киргизүүгө да даярдык көрүүдө:

- Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабынын программасы парламентте карала элек. Ошондуктан бул маселени өкмөт талкуулап, программаны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Эми Жогорку Кеңеш аны ноябрь айында карайт деп турабыз. Биз энергетика тармагын концессияга берүүнү сунуштайбыз.

Мүлк комитетинин төрагасынын айтымында, комитет «Бишкек», «Алатоо» мейманкаларынын чатагын чечүү үчүн сотко кайрылды жана сот биринчи инстанцияда карай баштады. Ушундай эле териштирүү борбордогу «Инструментальщик» стадионун ээлеген «Иймпаш-Манас» боюнча да жүрүп, стадиондун колдон-колго өтүп сатылганы айкындалып, бирок акыркы кожойунунун дайыны чыкпай турат.

Быйылкы жылдын тогуз айында болсо мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети «Кадамжай сурма комбинаты» баш болгон беш акционердик коомдун мамлекетке тиешелүү акциясын 125 миллион сомго саткан. Мамлекет көзөмөлдүк кылган акционердик коомдордон болсо 1-октябрга карай 84 миллион сомдон ашык дивиденд казынага түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан «Кыргызтелекомду» менчиктештирүү жана энергетика тармагын концессияга берүү маселеси кандай кабыл алынаары белгисиз. Бирок депутат Темир Сариевдин пикиринде, эгерде энергетикадагы бөлүштүргүч компаниялар концессияга берилбесе тармакта абал оорлойт:

- Эгерде электр энергетика тармагында бөлүштүргүч компанияларды концессияга берүү маселе болсо, анда бериш керек. Ансыз аябай кыйын абалда калабыз.

Сариев ошондой эле эгерде дурус инвестор болсо «Кыргызтелекомду» менчиктештирүү да туура эле болот деген оюн билдирди.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитенин төрагасы Турсун Турдумамбетов бир катар кылмыш иштер боюнча күбө катары өтүүдө. Ал бул иштер тууралуу буларды билдирди:

- Биздин бардык кызматкерлер сыяктуу мен да күбө катары көп иштерден өттүм. Эч бир жерде мага күнөө коюлган жок. Ал эми жанагы кайтарылсын деген пансионаттар боюнча, бүгүнкү күндө бир да пансионат кайтарыла элек. Башкы прокуратура тарабынан каршылык билдирилген. Ошол каршылыктын негизинде коллегияда карап, айрым пансионаттарды менчиктештирүү боюнча токтомубузду жокко чыгарып, ишти сотко өткөрүп бергенбиз. Сот жараяны жүрүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG