Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

МАРТ ЫҢКЫЛАБЫНАН СОҢ КОРРУПЦИЯ КАЙРА КҮЧӨДҮБҮ?


Азиза Турдуева, Бишкек «Transparency International” эл аралык уюмунун соңку иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан эң коррупциялашкан мамлекеттердин катарына кирет. 24-марттагы ыңкылаптан кийин бийликке келген жаңы өкмөт жана президент коррупцияга каршы күрөшүүнү башкы максаттардын бири катары белгилешкен. Президенттин пикиринде соңку жарым жылдын ичинде өлкөдө коррупциянын деңгээли төмөндөдү. Бирок кээ бир саясатчылардын көз карашында, коррупция мурдагыдай эле калыпта.

«Transparency International” эл аралык уюму жүргүзгөн соңку иликтөөлөр боюнча, 159 мамлекеттин ичинен Кыргызстан коррупциянын өнүгүшү боюнча 130-орунда турат. Бул - эң начар көрсөткүчтөрдүн бири.

Серепчилер Кыргызстанда коррупциянын деңгээлинин жогору экендигин бир катар факторлор менен байланыштырышат. Алардын ичинде өлкөдөгү оор экономикалык, социалдык абал, бийлик органдарынын ишиндеги ачык-айкындыктын жоктугу, мамлекеттик кызматчылардын эмгек маянасынын аздыгы жана башка себептер бар.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозбек Дүйшеев Кыргызстанда коррупциянын өнүгүшүнүн себептерине мындайча токтолду:

- Кыргызстанда паракорчулук, бийлик башындагыларга жагалдануу өтө өнүгүп кеткен. Кадр саясаты туура эмес жүргүзүлгөн. Башкаруу системасында тартип жок. Бийликтегилер коомчулуктун алдынча өз жоопкерчилигин сезишпейт. Ошондуктан, коррупция өнүгүп кеткен. Чоң кызматка келген ар бир чиновник өз чөнтөгүн толтуруу менен алек болгон, анктени ал кызматка туруу үчүн чоң көлөмдөгү акча төлөгөн.

Өткөн аптада президент Курманбек Бакиев республикалык кеңешменин жыйынында ыңкылаптан кийин коррупциянын деңгээли төмөндөдү деген пикирин билдирген:

- Азыр айрым саясатчылар коррупция өсүп атат дешет. Бирок мен айтып койоюн, коррупция төмөндөдү. Бул жөнүндө салыктан чогултулган акчанын былтыркыга салыштырмалуу кескин көбөйгөндүгү да айтып турат. Албетте, кыска мөөнөттүн ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө чоң жыйынтыктарды чыгаруу кыйын. Бирок биз коррупцияга каршы күрөшүшүбүз керек. Азыркы өкмөттүн бир мүчөсү коррупцияга аралашканын уксам, ал бир саат да жумушунда калбайт.

Айрым саясатчылардын, экономикалык серепчилердин пикиринде, чындыгында эле соңку мезгилде өлкөдө коррупция азайды. Бул жөнүндө белгилүү ишкер, «Шоро» фирмасынын жетекчиси Табылды Эгембердиев мындай дейт:

- Коррупциянын деңгээли чындыгында эле төмөндөп атат. Аны моюнга алуу керек. Эми болгонун болгондой айтышыбыз керек.

Ал эми айрым саясатчылардын көз карашында март ыңкылабынан кийин өлкөдө коррупция күчөдү. «Акыйкат» партиясынынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ушундай пикирде:

- Коррупция төмөндөдү деп эч ким айткан жери жок. Тескерисинче, марттагы окуялардан кийин коррупциянын деңгээли жогорулады деген көз караштар басымдуулук кылууда. Кандай коррупциялык иштер ачылгандыгы жөнүндө да азыр отчет бериле элек. Ошондуктан, коррупция төмөндөдү деп айтуу негизсиз .

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Кыргызинвестбанкынын» төрагасы Болот Байкожоев болсо бул маселе боюнча төмөнкүдөй пикирде:

- Азыркы бийлик өзү үчүн эле иштеп атат. Эптеп чөнтөгүн акчага толтуруш керек болуп атабы? Элдин күткөнү ишке ашпай жатат. Ыңкылап болгондон кийин эле үч күн өтпөй бийликте коррупция башталган. Мен азыр жакшы тушүнбөй турам – эмне үчүн коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлбөй жатканына.

Учурда өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзө турган жаңы агенттик түзүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Учурда коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттикти түзүү тууралуу документтер даярдалды. Эгерде бул агенттик коррупция тармагындагы ишти бир системага сала баштаса, мен коррупцияга каршы күрөшүү өз натыйжаларын алып келээрине ишенемин.

XS
SM
MD
LG