ЖАЛАЛАБАТ. Облустук кеңеш Жалалабат шаардык сотуна кайрылды. Арызга ылайык, облустук кеңештин кызматкерлеринин август айынан берки эмгек акысын облустук каржы башкармасы төлөбөй койгон. Кеңештин кызматкерлери Президенттик администрациянын өтүнүч катынын негизинде ушул убакка чейин иштеп келишүүдө. Облустук кеңеш соттон кызматкерлердин маяналарын өндүрүп берүүнү талап кылды. Район-шаардык кеңештердин кызматкерлери да эмгек акысыз иштешүүдө. Облустук каржы башкармасы Адыш Кочкоровдун маалыматы боюнча, эмгек акы төлөө Жогорку Кеңештин экономика, бюджет, каржы комитетинин туруктуу комиссиясынын токтому менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 27-беренесине жана казыналык укуктардын принциптери жөнүндөгү мыйзамдын 1-беренесине ылайык токтотулган. Облустук кеңешке август айынан кийин эки айлык компенсация төлөө жөнүндө маалымат берилген.