Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:27

Швейцария Кыргызстанга жардамын улантат


БИШКЕК. 19-октябрда мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык боюнча башкы комиссары Рольф Экеус менен жолугушту. Анда улут аралык мамилелерди чыңдоо жана анын биримдүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу багытындагы, билим берүү тармагындагы маселелер каралды. Ушул эле күнү президент Бакиев Швейцариянын тышкы иштер депертаментинин федералдык өнүгүү жана кызматташтык боюнча Швейцария башкармалыгынын директору Вальтер Фуста менен жолугушуп, экономикалык багытта эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Анда Вальтер Фуст Швейцария мамлекети Кыргызстан менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди аткара тургандыгын, Кыргызстандын тышкы карыздарын кыскартууга көмөк көрсөтөөрүн билдирген.
XS
SM
MD
LG