Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

АКШ Кыргызстанга гуманитардык жардам берет

БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти «Үмүт» деп аталган программанын алкагында Кыргызстанга 3 миллион доллар ченеминде гуманитардык жардам бергени жатат. Америкалык фармацевдик он компания сунуштап жаткан бул дары-дармектердин эсебинен Кыргызстанда 50 миң бейтап толук дарылануудан өтө алат. Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин расмий өтүнүчүнүн негизинде бекер берилип жаткан бул дары-дармектерди тапшыруу иш чарасы 22-октябрда Бишкектеги «Манас» аба майданында өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
XS
SM
MD
LG