Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Дания Кыргызстандын карызынын жарымын кечти


БИШКЕК. Дания мамлекети Кыргызстандын карызынын жарымын кече турган болду. Ал эми калган бөлүгүн өлкө 23 жылдык мөөнөт менен төлөп берет. Анын жети жылына жеңилдик берилет. Мун кепилдеген эки тараптуу макулдашууга Парижде кол коюлду. Макулдашуу Кыргызстандын Данияга карызын реструктуризациялоо боюнча Париж клубунун катчылыгынын имаратында өткөн сүйлөшүүдө иштелип чыкты. Кыргызстан тараптан бул жолугушууга Экономика жана каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев жетектеген делегация катышты. Реструктуризациялоого чейин Кыргызстандын Данияга карызы 6 миллион доллар болчу. Министрликтин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Дания Королевстову тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча Кыргызстан менен Париж клубунун протоколунун алкагында 11-мартта кол койгон аталган клубдун мүчөлөрүнүн акыркысы. Буга чейин Орусия, Германия, Франция, Жапония өлкөлөрү менен макулдашуу болгон. Ал эми Түркия мамлекети менен карыздарды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп билдирди, министрликтин маалымат кызматы. Эки өлкө ортосунда «Аккеме-Пинара» мейманканасына байланышкан талаш-тартыш күн тартибинде турат.

XS
SM
MD
LG