Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

№3-түзөтүү колониясында нааразылык чыкты


БИШКЕК. 19-октябрда Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү колониясында жаза өтөгөндөр менен колониянын администрациясынын ортосунда пикир келишпестиктер болду. Бул тууралуу Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу буларды билдирди:

- Нааразылыктын чыгышына абакта жаткандар менен колониянын администрациясынын пикир келишпестиги болгон. Жаза өтөөчү Макекубов Кахраман деген ал жакка которулуп келгенден кийин, бизде тынчтык жок деп администрациянын кызматкерлери ишке чыкпай коюптур. Биз абакта жаткан 2400 адам менен сүйлөштүк. Алардын талаптарын уктук. Алардын талаптарын колониянын администрациясына жана Жаза өтөө башкармалыгына жеткиздик. Анан Жаза өтөө башкармалыгынын жана №3-колониянын администрациясынын чогулушуна катыштык. Эки тарапты угуп туруп, алардын талаптарын жогорку бийлик өкүлдөрүнө билдиребиз дедик. Абакта жаткандарга жана администрацияда иштегендерге мыйзамды бузбасын,өздөрүнүн милдеттерин так аткарсын деп талап койдук.

XS
SM
MD
LG