Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Саддам Хусейндин соту 28-ноябрга чейин токтотулду


Соттун төрагасы Рызкар Мохаммед Амин мындай чечимге Саддамдын адвокаты жараянды үч ай токтото турууну сурагандан кийин барды. Сот бүгүн Багдадда башталган эле.

Кара костюм-шым, ачык жакалуу ак көйнөк кийип, колуна Куран кармап келген Саддам кылмыш жасабаганын билдирип, сотко ысмын атоодон баш тартты жана сотту мыйзамдуу деп тааныбасын, өзүн дале Ирактын президенти деп билээрин айтты:


- Мен силерге бийлик берген же дайындаган тарапты же айыптоолорду тааныбайм, анткени мунун баары калпка негизделген.

Ирактык адаватчылардын бүгүнкү чабуулдарында кеминде 19 киши окко учту, 15 чакты адам жарадар болду. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын маалымдашынча, Иракты кайра курууга жана козголоңчуларды талкалоого көмөктөшүү үчүн Вашингтон өлкөгө аскерий-жарандык адистер командасын жайгаштырат. Иракта бүгүн таңга жуук Британиянын “Гардиан” гезитинин кабарчысы Рори Карролду куралдуу адамдар уурдап кеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG