Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Саддам Хусейн соттун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты


Саддам Хусейн кечээ Ирактын жогорку трибуналынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. “Мен ушул жерде отурган баарыңарды урматтайм, бирок “сот деп аталымыш эткен” бул жерде эч кимдин суроолоруна жооп бербейм. Менин Ирак мамлекетинин президенти катары мыйзамдуу укугум бар”, - деди Саддам.

Бул ирет Ирактын экс-президенти 1982-жылы Дужайл кыштагында 140тан ашуун адамды өлтүрткөнү үчүн айыпталууда. Саддам күнөөсүз экенин кайталап, тыныгуу маалында күзөтчүлөр менен араздаша кетти. Бул күнү сот Саддам менен анын жети шакиртинин ишин кароону 28-ноябрга чейин убактылуу токтотту.

XS
SM
MD
LG