Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Куш ылаңы бир нече Европа мамлекетинде да табылды


Европа Биримдиги бүгүн кабыл алган чечимге ылайык, Орусиядан куш этин импорттого салынган тыюунун мөөнөтү узартылды, анткени өлкөнүн Тула облусунун Яндовка деген айылында оорунун вирусу табылды жана миңдеген жаныбар өлтүрүлүүдө. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери бүгүн Лондон шаарында эки күндүк жыйын баштады, анткени вирустун издери акыркы күндөрдө Түркия, Румыния жана Грекияда табылганы тууралуу да маалыматтар бар. Илдет Кытайда дагы кайрадан чыкканы жөнүндө кечээ күнү кабарлар пайда болду. Буга чейин Азия мамлекеттеринде куш ылаңынан алтымышка жакын адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG