Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Бириккен Улуттардын баш катчыcы Пакистанга шашылыш жардам керектигин билдирди


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү кечинде дүйнө коомчулугуна кайрылып, 8-октябрда Пакистанда болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге шашылыш жардам көрсөтүүгө чакырды:

- Биз шашылыш чара көрбөсөк, жаңы өлүмдөр болушу мүмкүн, биз аны болтурбаш керекпиз жана ыкчам кыймылдасак, күчүбүз ага жетет. Пакистандын эли жана өкмөтү азыр өзгөчө коркунучка дуушар болууда жана биз өзгөчө аракет көрүүгө тийишпиз.

Пакистандын тоолуу аймактарында жашаган 120 миңге жакын адам жер силкинүүнүн айынан өлкөнүн башка аймактарынан бөлүнүп калган жана аларга жардам жете элек. Зилзаладан курман болгондордун саны 48 миң экенин Пакистан өкмөтү тастыктады.

XS
SM
MD
LG