Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

КУШ ТУМООСУ МАСКӨӨГӨ 200 ЧАКЫРЫМ ЧУКУЛ ТУЛА ОБУЛУСУНАН ТАБЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда Тула обулусуна караштуу Яндовка кыштагынан өлгөн үй канаттуулар илдетин изилдөө иши алардын куштардын сасык тумоосунан өлгөнүн аныктап чыккан. Мындай жыйынтыкты шаршембиде орусиялык айыл чарба көзөмөлдөө уюму жарыялады. Обулустун жетекчилиги ал кыштакка карантин жарыялап, үй канаттууларын жок кылуу башталды. Европа Биримдиги бейшемби күнү Брюселде өткөн олтурумунда, Орусиянын дээрлик бардык жеринен алынып келинүүчү куштун эти менен куштун жүнүнө тыюу салды.

Тула обулусунун Ефремовка районуна караштуу Яндовка кыштагындагы үй канаттуулардын кырылышы куш тумоосу жугуудан болду деген кабар ырасмий түрдө айтыла баштады. Ал жерде өлгөн канаттуунун эти Маскөө менен Владимирдеги лабораториялардан текшерилип чыккандан соң ал канаттуулар H5N1 вирусуна кабылып же куштар сасык тумоосуна кабылыптыр деген жыйынтыкка келишкен.

Бул окуядан кийин анализчилер ал илдеттин Орусиянын европалык жеринен жолугушун кеп кыла башташты. Буга дейре куш тумоосу Орусиянын азиялык жеринде гана жолукчу.

Орусиянын башкы санитардык доктору Геннадий Онищенко айтканга караганда, куш тумоосунун кишиге жугушу чанда, бирок таптакыр жукпайт деп айтууга да мүмкүн эмес. Ошондуктан буга такыр эле көңүл бурбай койгонго жарабайт.

Яндовка кыштагынын жети тургунунун колундагы тоок, каз, өрдөгүнүн ичинен 273 башы кырылган. Дагы 500дөйү ал илдетке чалдыккан деп табылган. Тула обулусуна караштуу Ефремов районунун башкы мал доктуру, Виктор Осипов ал илдеттин аты-заты ордо калаада такталып келгенин мындайча маалымдады:

- Бүгүн ырас экендиги белгилүү болду. Ал «А» түрүндөгү «H5» алдындагы куштун сасык тумоосу экени аныкталган.

Айыл чарба министри Алексей Гордеев өлкөнүн тургундарын “куш тумоосунан анча эле чочулабагылачы, ал илдет бизде небак эле ооздукталган”, - деп чакырык таштады.

Жайында ал илдет менен Орусиянын азиялык жагынан Новосибир, Ом, Түмөн, Курган, Челябин обулустары жана Алтай крайы ошондой эле Калмакстандан баш-аягы 45 райондун тургундар үй канаттуулары ал илдетке кабылып кырылган.

Ырасмий булактар таркаткан маалыматта, Яндовка айылынын тургундарында 3 миңге чукул үй канаттуулары бар. Кечээ-бүгүн алардын 1миң 144 башын жок кылып атайын казылган жерге көмүшкөн. Жакынкы күндөрү калганы да жок кылынары айтылууда.

Айта кете турган кеп - Орусиянын башка да үч районунда куш тумоосу бар дешет. Тула обулусунан сырткары Курган обулусунун 3 айлында Новосибир обулусунун 16 айыл-кыштагында да мындай илдет бар экени айтылууда. Орусиянын дээрлик булуң бурчунан канаттуунун эти, куш жүнү киргизилбесин деген чечимди Евробиримдик кабыл алганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG