Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: АК ҮЙДҮН КИТЕПКАНАСЫНА КУРАН АЛДЫРЫЛДЫ


Ырасмий Вашингтон соңку жылдары ислам дүйнөсү менен болгон мамилесин жакшыртууга астейдил аракет кылып келет. Анын бир мисалы катары президент Жорж Буш Ак Үйдө ислам өлкөлөрүнүн элчилери жана мусулман жамааттарынын башчылары үчүн 17-октябрда өткөргөн иптарды айтса болот. АКШ президенти ооз ачыруу аземинде жаш муун үчүн мусулман маданиятын, тарыхын жана каада-салттарын үйрөнүү өтө маанилүү экенине көңүл буруп, Кураны Керимди алгач ирет Ак Үйдүн китепканасына алдырылганын сыймыктана айтты.

Жорж Буш бийликке келгенден бери ислам өлкөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы элчилери жана өлкөдөгү мусулман жамаатынын башчыларын Орозо айында Ак Үйгө иптарга чакырууну салтка айлантып алган. Ал обол андай кечени 2001-жылы Рамадан айында өткөргөн. Мамлекеттик департамент болсо жети жылдан бери ооз ачтырып келет.

Дүйшөмбү күнү Ак Үйдүн Мамлекеттик сый тамак берилчү залында болгон иптарда президент Буш обол ар тектүү Америка жарандары исламдын көөнөрбөс салт-адаттарын көбүрөөк билип-үйрөнүүсүн колдогонун айтты:


- Ар тектүү америкалыктар исламдын бай каада-салттарын көбүрөөк билүүгө ынтызар. Мен, биздин элдин түрдүү маданиятын жакшы түшүнүүгө өбөлгө болуу үчүн, америкалык үй-бүлөлөрдүн чет өлкөлөргө чыгып, мусулман бүлөлөрү менен катташуусун колдойм. Мен америкалык бүлөлөрдү мусулман дүйнөсүнөн мейманга келген студенттерди конокко алуусун жактадым. Мен жаш америкалыктардан Жакынкы Чыгыш элдеринин тилин жана үрп-адаттарын үйрөнүүсүн өтүндүм. Биздин тарыхыбызда биринчи жолу Ак Үйдүн китепканасына Куранды алдырдык.

Жорж Буш андан аркы сөзүндө кай бирөөлөрдүн Кудайдын атына жамынып, зобун-зордук жасоосуна каршы туруу зарыл экенине токтолуп, террорчулукка каршы күрөштө Кошмо Штаттары башындагы коалицияны колдогон мусулман мамлекеттерине ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле бейкүнөө адамдардын, аялдар менен балдардын өмүрүн курмандыкка тарткан шерменделердин Исламга эч кандай тиешеси жок экенин өзгөчө белгилей өттү:

- Биз террорчулукту жеңүү үчүн чогуу аракеттенип жаткандыктан, жоолошкон душманды даана билишибиз зарурат. Бейкүнөө адамдардын, аялдар менен балдардын өмүрүнө кыянаттык кылган кан төккүчтөр тутунган коогалуу идеологиянын Исламга эч кандай жакындыгы жок.

Президент Буш мындан үч жыл мурда, 2002-жылдын 11-октябрындагы ооз ачыруу учурунда да америкалыктарды ислам динин террорчулук менен чаташтырбоого чакырып, ислам дүйнөнүн миллиондогон адамдарына руханий жыргалчылык берип жаткан дин экенин, Исламга түрдүү түстөгү адамдар ишенгенине астейдил көңүл бурган.

Бүгүн, Жорж Буштун айтымында, бардык ислам лидерлери террорчулардын исламды кара сантай максаттарына жетүү үчүн пайдалануусун токтотуучу мезгил келди:

- Бардык жоопкерчиликтүү ислам жетекчилери кимдин бирөөлөрдүн Исламды саясый максатта колдонуусун жана сиздердин асылзат диниңиздерди булгоону токтотуучу мезгил жеткенине ишенем.
XS
SM
MD
LG