Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

ОРУСИЯ-КЫРГЫЗСТАН ОРТОСУНДА ВИЗАСЫЗ КАТТОО КЕЛИШИМИ КАЧАН ИШКЕ АШАТ?


Орусияда соода жасап, же ар кандай жумуштарда иштеген кыргыз атуулдарынын айрымдары жергиликтүү тартип коргоо органдарынын жана чекра кызматынын кызматкерлери виза талап кылышып, визасы жоктордон акча берүүсүн талап кылышкандыктарын айтышууда. Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү Евразия экономикалык кызматташтык уюумуна мүчө мамлекетерде визасы жок эле каттамдарга жеңилдик берилгенин маалымдашты.

Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан мамлекеттери аралык визасыз каттоо маселеси аталган уюмдун ар бир отурумунда козголуп, март айында Астанада өткөн жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин атуулдарынын каттоосу боюнча атайын келишимге кол коюлган.

Виза маселеси боюнча Москвадагы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Төлөн Турганбаевге кайрылганыбызда, анын жообу төмөндөгүдөй болду:

- Орусия өкмөтүнүн 21-сентябрдагы №575 токтому чыкты. Анда Кыргызстан менен Орусиянын жарандарынын өз ара каттоосу боюнча мына ошол токтомдун негизинде Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жарандар визасыз каттоо тууралуу каралган. Бул токтом 1-ноябрдан баштап күчүнө кирет деген үмүттөбүз.

Төлөн Турганбаевдын айтымында, эки өлкө ортоусндагы атуулдардын каттамы тууралуу орусия өкмөтү чыгарган токтомду Орусиянын жана Кыргызстандын чекара көзөмөлдөө пунктарынын ар бирине жеткирүү керек. Ал ошондой эле Орусиянын алыскы аймактарында эки өлкө атуулдарынын каттамдары боюнча айрым убакта мыйзам бузуулар фактысы бар экенин билдирди:

- Орусияда жүргөн кыргыз жарандарына бирин-экин мыйзамсыз мамиле болсо керек. Москвада алыскы аймактарда атуулдардын эки өлкө ортосундагы каттамдарда мыйзам бузуу фактылары бар.

Ал эми “Азаттык” радиосуна Москвадан Акылбек аттуу жигит электрондук почта аркылуу кайрылып, анда жергиликтүү тартип коргоо органдары кыргыз атуулдарынан виза талап кылышып, визасы жоктордон 100-150 АКШ долларын айып пул катары алып жаткандыгын маалымдаган.

Орусиянын Свердлов облусундагы ишкер, кыргыз атуулу Жыргал Белеков Орусияга ар кандай жумуш кылганы барган айрым кыргыз жарандар Кыргызстандын ичинде колдонуучу күбөлүк (карточка) менен барып алышып, жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери жана чекара көзөмөлдөө пунктарында ар кандай тоскоолдуктарга кириптер болуп жатышкандыгын билдирди.

- Кыргыз паспортундагы 33-беттеги барак, чет элдик паспорт сыяктуу кабыл алынат. Свердлов облусундагы Петухово чекара көзөмөлдөө пунктунда ары бери өткөндө эч кандай проблема жок. Бирок кыргыздар карточка менен келип алышып, өтө албай убара болушат.


Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Үсөн Усупов болсо буларды билдирди:

- ЕврАзЭс уюумунда визасыз каттамдар боюнча атайын келишимге кол коюлган. Бул өлкөлөрдө виза проблемасы жок. .

XS
SM
MD
LG