Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстанда жазанын альтернативалуу түрлөрүн киргизүү зарыл


БИШКЕК. Кыргызстанда жакын арада пенитенциардык системаны реформалоонун алкагында жазанын альтернативалуу түрлөрүн колдонууну ишке киргизүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев 21-октябрда «Азаттыкка» билдирди. Депутат белгилегендей, бүгүнкү күндө майда кылмыштар үчүн, мисалы, тоок же чака уурдаган адамдар 5-6 жылга чейин эркинен ажыралытып, камактарда отурушат. Ошондуктан, ушул сыяктуу кылмыштарга карата эркинен ажыратуу эмес, жазанын альтернативалуу ыкмаларын колдонууну киргизүү зарыл, дейт депутат Сарапашев. Бирок азырынча өлкөдө альтернативалуу жазаны киргизүү боюнча мыйзам кабыл алына элек. Ал эми мыйзам долбоору өкмөт тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаза өтөө жайларында 16 миңден ашуун адам бар.

XS
SM
MD
LG