Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Түрмөлөргө мамлекет 10 миллион сом бөлөт


БИШКЕК. Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кырдаал учурда өлкөнүн тартип коргоо органдары тарабынан түздөн-түз көзөмөлдөнүп турат. Ошондой эле түрмөлөрдө иштеген кызматкерлердин коопсуздугу камсыз болот жана алар эч нерседен коркушпай жумушка чыга беришсе болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Феликс Кулов 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарына билдирди. Ошондой эле өкмөт башчы соңку мезгилдери түрмөлөрдө оор абал түзүлгөндүгүн айтып, жакын арада түрмөлөргө өкмөт эсебинен он миллион сом бөлүнөөрүн маалымдады:

- Түрмөлөрдө чечилбеген маселер көп. Өткөн жылы 29 миллион сом берилген эмес. Мындай акчаны кандай болсо да табууга аракет кылышыбыз керек. Учурда түрмөлөргө 10 миллион сом акча бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG