Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

СИРИЯ ЖАРГА ТАКАЛУУДА...


Ливандын мурдакы өкмөт башчысы Рафик Харирини өлтүрүүгө Ливан менен Сирия жетекчилигинин катыштыгы бар. Улуттар Уюмунун тергөөчүлөрү 16-июндан бери чогулткан далилдерге таянышып, ушундай жыйынтыкка келишти. Харири 14-февралда Бейрутта катуу жардыруудан курман болгон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, мындай чоң жардырууну бир-эки адам эмес, жакшы даярданган топ гана уюштурушу мүмкүн. Германиялык тергөөчү Детлев Мехлис башындагы тергөөчүлөр даярдаган билдирүүнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 25-октябрда талкуулайт.

Эл аралык тергөөчүлөр аныкташкан далилдер ливандыктар үчүн чоң жаңылык болбоду. Бейруттагы Америка университетинин окутуучусу Хилал Хасандын айтышынча:

- Доклад чоң жаңылык болгон жок. Анткени, докладдын мазмуну Ливанда бир нече күндөн бери айтылып жаткан. Бирок докладды эл оң кабыл алды Эл аны адилеттиктин алгачкы жышааны катары баалашууда. Харири тарабындагы саясатчылар буркан-шаркан түшүшүүдө. Адамдар чындык келе жатат деген маанайда.

Улуттар Уюмунун иликтөөсүндө Хариридей көрүнүктүү ишмерге каршы уюштурулган кутумду Сирия менен Ливандык коопсуздук кызматтарынын билбей калышы мүмкүн эмес экени белгиленет.

Тергөө Сирия президенти Башар Асадды өтө оңтойсуз абалга койот. Анткени, 'The Wall Street Journal” гезитинин жазышынча, докладда кутумга Сириянын чалгындоо кызматынын башчысы, Башардын аталаш бир тууганы Асеф Шавкат катышканын ырастаган далил тиркелген.

Сирияны АКШнын Мамлекеттик департаменти террорчулукту каржылаган өлкөлөрдүн тизмесине киргизген. Андыктан, Мехлис башындагы тергөө тобунун доклады Сирияга саясый-экономикалык кысмакты дагы күчөтүшү турган иш дешет, айрым байкоочулар. Алардын бири британиялык талдоочу Жонатан Линдли:

- Азыр талкууланып жаткандай, сириялык ырасмий адамдар өлкөдөн тышка чакырылып суралсын деген талап аткарылса, Сирия өкмөтүнүн аброюна катуу доо кетирет жана дагы жаңы далилдерди ачыкка чыгарат. Бул иш балким соода санкциясы же айрым адамдарга каршы санкциянын татаалданышы менен коштолот. Эң маанилүүсү, Сирия өкмөтү үчүн Батыш мамлекеттеринин эле эмес, Жакынкы Чыгыш жана Араб өлкөлөрүнүн дипломаттык камоосу болот.

Президент Асаддын Улуттар Уюмунун талабына ынанып, өзүнүн жакын саясый өнөктөрүн эл аралык тергөөчүлөргө сурак берүүгө көндүрөбү, аны мезгил көрсөтөт. Асад ага барбаса, байкоочулардын боолгошунча, Сириянын эл аралык коомчулуктун кысмагына алынаары шексиз.

Хилал Хашандын пикиринче, Башар Асад саясый жүзүн сактап калуу үчүн, Рафик Харирини өлтүрүүгө жооптуу адамдарды кармап бериши мүмкүн. Анын ордуна саясый тапшырманы аткарууга тиешеси бар коопсуздук кызматынын адамдары суракка алынбайт жана бул Сириянын саясый жетекчилиги үчүн чоң утук болот.

XS
SM
MD
LG