Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Премьер-министр көп улуттуу Кыргызстан үчүн «жихад» коркунучтуу деп эсептейт


БИШКЕК. Эгер «жихад» жарыясы айтылганы чын болсо, буга муфтият, дин кызматкерлери өзүнүн тиешелүү баасын бериши керек жана тиешелүү органдарга кабарланышы керек деп билдирди премьер министр Феликс Кулов 22-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Куловдун айтымында, бул көп улуттуу өлкө үчүн өтө коркунучтуу жана ал кошуна өлкөлөр тарабынан да туура эмес кабылданышы мүмкүн:

- Эгер бул чын болсо, мындай билдирүүлөргө тиешелүү жооп берилбесе, ыйык куранга ылайык, биз жарандык согушту каалап жаткандай кабылданышы ыктымал.

Буга чейин коомчулукта маркум Тынычбек Акматбаевдин туугандары тарабынан премьер-министрге «жихад» жарыялангандыгы тууралуу маалымат тараган.

XS
SM
MD
LG