Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

Пакистандагы жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты


8-октябрда Пакистандын түндүгүндө болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 51 миңге жетти. Кечээ күнү өлкөгө Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган келип, жапа чеккендерге Анкара 150 миллион доллар жардам көрсөтөөрүн билдирди:

- Биз өз аракеттерибизди токтотпош керекпиз, күтүүсүз бериле турган жардамды көрсөтүп, андан соң биз узак максатты көздөгөн милдеттенмелерибизди да аткарууга тийишпиз, үйлөрдү куруудан тартып, жолдорду калыбына келтирүү иштерине чейин, баарын оңдош керек.

НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооп Схеффердин айтымында болсо, кырсык болгон аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн уюм бир миңге жакын аскер бөлүп берет.

XS
SM
MD
LG