Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган пикет улантылды


БИШКЕК. 23-октябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында депутат Тынычбек Акматбаевдин 300гө чукул тарапкери нааразылык чарасын улантышты. Алар премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган чакырыктарды кармап турушат. Акцияга чыккандардын катарында маркум депутаттын агасы Рысбек Акматбаев баштаган туугандары жана санаалаштары, спортчулар, депутаттын шайлоочулары бар. Депутат Тынычбек Акматбаев 20- октябрда 31-колонияга барган жеринен киши колдуу болуп каза тапкан. Пикетчилер бул өлүмдүн артында өкмөт башчы Феликс Кулов турат деп эсептешет. Пикеттин катышуучулары премьер-министр отставкага кетмейин нааразылык акицяны уланта берээрин айтышууда.

XS
SM
MD
LG