Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Жума күнү кыргыз цирк өнөрпоздору өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошто жергиликтүү театр фестивалы өттү. Нарында Жумамүдүн Шералиевдин 90 жылдык мааракесине арналган кароо-сынактар өткөрүлүүдө. А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрына өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлө турган болду.

Шейшембиде өкмөт башчы Ф. Кулов, финансы министри А. Жапаров жана маданият министри С. Раев А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында болушуп, анын учурдагы абалы, театр жамаатынын чыгармачылык иштери менен таанышышты. Аталган театрдын жетекчиси Тимур Саламатовдун айтымында, сүйлөшүү учурунда оңдоо иштери жана театрдын 50 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу маселелер каралган.

- Келип жөн эле карап кетип калышпай, кайсыл маселелерди алгач ирет чечиш керектигин көрүштү. Биринчиден, балет бийчилери бийлей турган залды жасайлы дедик. Экинчиден, ар кайсы жерден жаан өтүп жаткан жерлерди бүтөй турган болдук. Антпесек имарат четинен урай берет. Эң негизгиси - театрдын 50 жылдыгын белгилөө тууралуу демилге көтөрдүк.

***

Жума күнү кыргыз цирк өнөрпоздору Бишкектин тургундарына өз өнөрлөрүн тарттуулашты. Бул жолу циркке көрүүчүлөр көп келишти. Алардын айрымдары менен маектешкенибизде мындай оюндар көбүрөөк болуп турса жакшы болоор эле деген ойлорун ортого салышты.

- Бул циркке мен кичине кезимде көп эле жолу келчүмүн. Эми баламды алып келдим. Балам цирк эмне экенин билбейт. Сурасаң телепузик деп жооп берет. Бүгүн кошуна-колоңдор баарыбыз балдарыбызды алып, атайын цирк көрөлү деп келдик.Эми мындай оюндар көп-көп болуп турса жакшы болоор эле.

Цирктин жетекчисинин орун басары Кадыр Таджиевдин айтымында, бул жолку көрсөтүлгөн оюн кыргыз цирк өнөрпоздорунун даярдаган экинчи программасы. Ал эми март айында көрсөткөн программа менен артисттер учурда Германиянын Франкфурт-На-Майне шаарында гастролдоп жүрүшөт.

***

Октябрь айынын он жетисинен жыйырмасына чейин Ош шаарында “Алымбек датка” театралдык фестивалы болуп өттү. Ага Ош, Жалалабад, Баткен областарынан 20дай театр катышышты. Фестивалдын жыйынтыгында “Эң мыкты театр” деген номинацияга Жалалабаддагы Барпы театры ээ болгон. Ош облустук маданият башкармалыгынын жетекчиси Исрадин Аманбаевдын айтуусу боюнча, эки жылда бир өтүүчү бул фестивалды 2007-жылы Фергана өрөөнү боюнча өткөрүү пландары бар.

***

Аяктап жаткан апта ичинде Талас областынын Бакайата районунда “Чек арасыз маданият” аттуу эл аралык фестивалы өттү. “Сезим толкундары” аттуу коомдук фонд өткөргөн “Чек арасыз маданият” эл аралык фестивалына алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн өкүлдөр келишти.Бул фестиваль туурасында аталган фонддун жетекчиси Азимкан Сулайманова Таластагы кабарчыбыз Машакбай Рахманкул уулуна буларды билдирди:

- Фестивалга Тажикстандан, Улуу Британия өлкөсүнөн келгендер болду. Казакстандан да өкүлдөр келишмек эле, бирок алардын өздөрүндө салтанат болуп, келе албай калышты. Эми бул фестиваль Астана шаарында уланмакчы.

***

Кыргыз эл артисти, атактуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин 90 жылдык мааракесине арналган “Унутулгус обондор” аттуу кароо-сынактар Теңиртоо аймагынын жер-жерлеринде өткөрүлүүдө. Мындай кароонун кезеги 21-октябрда Нарын шаарынын өнөрпоздорунун арасында да улантылды.
XS
SM
MD
LG