Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:21

Ливанда диний экстремисттик уюмдун жетекчиси кармалды

Кечээ күнү Ливанда диний экстремисттик уюмдун жетекчиси Махмуд Абдел-Ал деген адам кармалып, камакка алынды, аны жергиликтүү байкоочулар - февралда өлтүрүлгөн мурдагы премьер-министр Рафик Харирирнин иши менен байланыштырууда. 14-февралда Бейрут шаарында жардыруу болоордун алдында ал өлкөнүн президенти Эмиле Лахудка телефон чалганы аныктылды. Бириккен Улуттардын атайын комиссиясы окуяны тергеп, 20-октябрда отчет жарыялаган. Анда - өлтүрүүгө Ливан менен Сириянын коопсуздук кызматтарынын тийешеси болгон деп айтылган жана Абдел-Алдан тышкары эки өлкөнүн президенттеринин бир нече тууганы аталган.
XS
SM
MD
LG