Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

ТҮРКИЯЛЫК БЕЛГИЛҮҮ ЖАЗУУЧУ ЖАКЫНДА СОТТОЛОТ


Нарын АЙЫП, Прага Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусуна каршы чыккан айрым саясатчылар - өлкөдө 90 жыл мурда болгон армяндар кыргынын Анкара геноцид деп тааныш керек деген талап коет. Бул маселени акыркы жылдарда белгилүү түркиялык жазуучу Орхан Памук да көтөрүп чыкты жана декабрда Түркияда ага каршы сот башталат.

Орхан Памук өзүнүн китептери менен интервьюларында 1915-жылдагы окуяны геноцид деп атабайт, бирок ал кыргын тууралуу түрк коомунда ачык талкуу болушун каалайт. Анын айтымында, ар ким өз пикирин эркин айтып, башкаларга жеткирүүгө укуктуу болууга тийиш.

23-октябрда Памук Алманияга келди жана ага немис сыйлыктарынын бири - Алманиянын китеп соода ассоциациясынын Тынчтык сыйлыгы - тапшырылды. Жазуучунун пикиринде, анын айткандарына түрк өкмөтү каршы чыкканы менен адам укуктарын бузууда жана мындай жагдай өзгөртүлүүгө тийиш:

- Мени менен болгон акыркы окуя - швейцариялык бир гезитке интервью берип, бир миллион армян жана 30 миң күрд кырылган деп айткам. Жана ал тууралуу Түркия жарандары ачык сүйлөй албайт деп билдиргем. Ал интервьюдан кийин мени дароо Түркияда күнөөлөй башташты, бирок менин айтайын дегеним бир гана нерсе - бул маселе боюнча азыр Түркияда ачык талкуу болбой жатканы. Осмон империясы учурунда армяндар менен эмне болгону жөнүндө Түркияда жашагандардын эркин ой-пикир билдирүүгө укугу болууга тийиш.

Жазуучунун айтымында, оз оюн ачык билдирген адамды сот жообуна тартуу - адам укуктарынын бузулушу жана мындай тартип өлкөдө сакталып калса, Түркия Европа Биримдигине кошулуу жараянында бир топ кыйынчылыктарга такалышы мүмкүн:

- Менин айткандарымдын мен ар биз сөзүн коргоп бере алам. Маселе - армяндар менен күрддөрдүн кырылганында деле эмес, азыр маселе бир топ башка жакка бурулууда жана ал - Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуп кирүү жараяны менен дагы байланыштуу. Ар бир адам өз оюн эркин айтып чыгууга укуктуу болууга тийиш. Мен өзүмдүн ар бир айткан сөзүм үчүн жооптумун жана мен аны коргой алам.

XS
SM
MD
LG