Ишемби күнү Бээжинде тооктор, өрдөктөр, каздар, атүгүл кат ташууга үйрөтүлгөн көгүчкөндөр куштардын сасык тумоосуна каршы текшериле баштады.
Бээжиндин “Youth Daily” гезитинин маалымдашынча, Бээжин шаарындагы фермалардагы бакма канаттуулардын 98 проценти адам өмүрүнө коркунучтуу илдетке каршы эмделген. Айыл чарба министрлиги бир-эки күн ичинде бардык тоок-каздарды жана башка бакма куштарды толук эмдеп бүтмөк болууда.
Ветеринардык кызматтар, гезиттин жазышынча, куш этин сатчу базарларды, эт комбинаттарын, зоопарктарды, ошондой эле келгин куштар токтоп өтчү жайларды кылдат текшерүүгө милдеттендирилди.
Бээжиндин аэровоказалдарында, автобус жана темир жол бекеттеринде, шаардын чегинде да куштардын сасык тумоосун жайылтпоо үчүн атайын дезинфекциялоочу жайлар ачылды. Шаар өкмөтү тийиштүү даары-дармектерди, вакциндерди жана дезинфекциялоочу заттардын жетерлик камдоонун аракетинде.
Ал эми 2002-жылы САРС илдети адеп катталган Гуандонг провинциясындагы фермаларда илдетти тез аныктоочу атайын байкоочу система орнотулган.
Өлкө президенти Ху Цзянтао менен премьер-министр Вен Жибаонун коркунучтуу вирусту жайылтпоо үчүн бийликтерди жана тийиштүү кызматтарды чечкиндүү чара көрүүгө милдеттендирген жарлыктары чыкты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бээжиндеги өкүлчүлүгүнүн айтышынча, Кытай жетекчилигинде куштардын сасык тумоосуна каршы күрөшүү үчүн күчтүү саясый эрк болсо да, иштин ийгилиги жергиликтүү бийликтерге көз каранды.
Анткени, Бээжинде жана башка чоң шаарларда илдетке каршы олуттуу иш чаралар жүргүзүлгөнү менен, көпчүлүк үй-бүлөлөр күнүмдүк керектөөсү үчүн тоок-өрдөк, каз өстүрүшгөт. Алтурсун Бээжиндин эски бөлүгүндө кээ бир үй-бүлөлөр балкондо, эшиктин сыртында, алакандай жерде торго салып, үй канаттууларын багышат.